Кыргызча Русский Башкы Жанылыктар АО маалымат базасы АО тарыхы Закондор жана сайттар Талас областы Реклама
   
 
Омуралиев электрондук айыл округунун тарыхы

 

МАНАС АЙЛЫНЫН 60 ЖЫЛДЫК ТАРЫХЫ.

Колхозубуздун тарыхы-бул айлыбыздын эмгекчилеринин эмгек жолу, алардын кубаныч-кайгысы, бактысы, суйуусу. Бугунку колхозубуз алгачкы жолу 1928-жылы 11-17 уй-булону бириктирген 23 жер коом шериктештигин уюштуруудан баштаган. Мына ошол убактагы Кыргызстандагы айыл-чарбасын коллективдештирууго жиберилген 25-минчилердин бири Москвалык жумушчу Виктор Конюшкин 1929-жылы декабрь айында Кара-Булак айылында коллективдештируу жонундо чогулуш откоргон. 1930-жылдан баштап ошол жылдын ичинде он колхоз уюшулган. Мына ушул коллективдуу чарбаны уюштурууга активдуу катышып, анын экономикасынын осушуно, турмуш шарттарынын жогорулашына оз салымдарын кошушкан аталардын улуу ыйык даназалуу эмгегин изилдоо иштери колго алынууда.

Артель алгач уюштурулганда жергиликтуу кадрлар жетишпегендиктен айыл чарба шаймандарын жасоо иштери кыйынчылыкка турган. Партиянын демилгеси менен айыл чарбасын кадрлар менен толуктоо учун иш чаралар жургузулуп, Сутту-Булакка Никитин, Чон-Алышка Моисеев, Полтавский, Ак-Сайга Озедрин, Жаны-Арыкка Овиленколор уй-булолору менен кочуп келишип, устаканаларды ачышкан, тегирмендерди иштетишкен, арабаларды жасатышкан, колхоздун экономикасынын фундаментин тузуудо интернационалдык зор роль ойношкон.

Ошол мезгилде айлыбыздын биринчилерден болуп коммунисттик партиянын катарына 1924-жылы Тологонов Кенчим откон. Андан кийин 1927-1928 жылдарда Шыйкымбаев Найзабек, Тайгожоев Жумаке, Алтымышбаев Рыскул, Байгазиев Кадыркул, Жумагулов Баткакбай жана Токсонбаев Кутманаалылар отушкон. Алар айылыбызда Совет бийлигин орнотууга коллективдештирууну ишке ашырууга баа жеткис салымдарын кошушкан. Биздин ар-бирибизди сыймыктандырган алардын ата-журт алдында синирген кужурмон эмгектери айылыбыздын тарыхынын алтын фондусуна жазылып алынды.

Ал эми айылыбыздан Биринчилерден болуп Лениндик Коммунисттик Жаштар Союзуна мучо болуп 1927-жылы Садыров Бейшенаалы, Турдукеев Алымбек, Кудакеев Исак, Дыйканбаев Короз, Кожобеков Маамыт, Омуралиев Эраалы, Кудайбергенов Сулаймандар отушкон. Бул адамдарга комсомолдук билетти ошол мезгилде партиялык ячейканын секретары Тологонов Кенчим тапшырган.

Алгачкы комсомолдук ячейканын секретары Турдукеев Алымбек болгон. Мына ушул бизди, келечек ээлерин сыймыктандырган алгачкы коммунист жана комсомолдордон Садыров Б, КамбаровЖ, Жумагулов Б, Кудайбергенов С бугунку кундо ардактуу эс алууда.

Жогоруда ысымдары аталган алгачкы коммунисттерди жана комсомолдордун бири Тологонов Кенчим айылыбызда биринчи коммунист болуу менен бирге, алгачкы партиялык ячейканын секретары, колхозду уюштуруунун алгачкы демилгечиси болгон. Чаткал ороонундогу басмачылар менен болгон куроштун активдуу катышуучусу Талас районунда сугат тармактар системасында узак жылдар эмгектенип,сугат системасына чон салымын кошкон. Коммунисттик партиянын катарына аялдардан 1937-жылы Жамгырчиева Данагул биринчи болуп откон. Ал алгач Жаны-Арык колхозунун башкармасы, андан кийин кампачы, андан кийин ар кандай колхоз активи болуп узак жылдар бою иштеген. Азыр Данагул апа ардактуу эс алууда, пенсияда.

Колхоздун алгачкы мучолору Салмакеев Берик, Саргалдаков Биялы, Карбосов Алымкул, Отогонов Каймазар, Акылбеков Кенжебай, Багышбаев Нурманбет, Кобошов Акматтар болушкан. Алар колхоз курулушунун демилгечилери болуп оз ыктыярлары менен колхозго мучо болушкан. Алгачкы артелдешуудо 11 соко, 9 араба, 2149 кой, 147 уй, 89 жылкы, 183 эле тутун болгон.

Артелдешуудо бугунку кунго чейинки бир тууган чарбабыздын осушуно озгочо салымдарын кошуп, ата-журттун, элдин, партиянын урмат-сыйына ээ болуп оз мезгилинин эмгек каармандары болушкан, эмгектин ардагерлеринин басып откон жолдорун изилдоо, алар жонундо баа жеткис, баалуу материалдарды жыйноо иши жургузулуудо.

Алардын ичинен республикабыздагы эн ири курулуш Чон-Чуй каналын курууга колхоздон (азыркы “Манас” колхозунан) 300дон кем эмес адамдан турган 8 бригада катышкан. Чон-Алыш колхозунан Жумагулов Баткакбай жетектеген 35 адамдан турган бригада Социалисттик мелдештин бир нече жолку женуучулорунон болушкан, Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун торогасы Торобай Кулатовдун оз колунан берилген республиканын кочмо кызыл туусун женип алышкан. Бул бригада республикабыздын тарыхый летописине жазылып, документалдуу киноочеркине тартылган. Бригаданын бригадири Жумагулов Баткакбай колхоздун ардактуу пенсионери.

Бугунку кундо чарбабызда 35 мин кой, 2114 уй, 785 жылкысы, 49 автомашинасы, 42 трактору, 12 комбайны, 27 ар кандай айыл-чарба машинасы бар ири механизацияланган чарбага айланды. Чарбабыздын экономикасы онугуунун жолунда, ага жараша айлыбыз таанылгыс болуп озгорду. Кыштагыбыздын коркуно корк кошкон айыл эмгекчилерин социалдык жана маданий жактан тейлоо мекемелеринин коп этаждуу имараттары осуп чыкты. Алсак, айылыбыздын ортосуна 1975-жылы 140 орундуу бала бакчанын имараты, 1978-жылы 1072 орундуу мектептин имараты, мугалимдер учун 16 квартиранын имараты, 1980-жылы айылдык советтин имараты, 1982-жылы “Каныкей” аттуу комплекстуу соода туйунунун имараты, 1988-жылы 400 орунду маданият уйу, жана турмуш тиричилик жактан тейлоо уйунун имараты курулду. Бугунку кундо мектепте окуучулардын контингенти 878, мугалимдердин саны 78, тех кызматкерлер 24, Эл агартуунун отличниги-11, СССРдин эл агартуусунун отличниги-1, Элге билим беруу министрлигинин ардак грамотасы менен 7 мугалим сыйланган.

Чарбабыздын бугунку кунунун эмгек каармандарынын кужурмон эмгек жолдорун изилдоо иштери колго алынып, алардын чарбанын эканомикасынын осушуно кошуп жаткан баалуу эмгектери боюнча 350дон ашык экспонаттар чогултулуп, сыйлыктары жонундо маалыматтар топтолду.

Алардын ичинде окмоттук эн жогорку сыйлык “Ленин ордени”, “Социалисттик эмгектин баатыры” деген эн жогорку наамга ээ болгон Кокобаев Басараалы, “Октябрь революциясы” ордендеринин ээси Сокучиев Дуйшонаалы, “Эмгек Кызыл Туу”, “Ардак белгиси” ордендеринин ээси Акматова Чекир, Жолдошалиева Турсун, Кожокеев Турарбек, “Эмгек Кызыл Туу” орденинин ээси Иманалиев Касымбек, “Ардак белгиси” орденинин ээси Эрдешов Торокулдар айылыбыздын сыймыгы, Ал эми 60 эмгек азаматтары окмотунуздун Ардак грамоталарына татыктуу болушкан.

“Манас” колхозу озунчо колхоз болгонго чейин жана болгондон кийин биздин айылдан учоо Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты болушкан.

  1. Эстебесов Чотон-1936-жылы Кыргыз ССР Жогорку Советине депутат болгон.
  2. Кокобаев Базараалы-1959-жылы Кыргыз ССР Жогорку Советине депутат болгон.
  3. Капарова Жанымбу-1980-жылы Кыргыз ССР Жогорку Советине депутат болгон.

 

Бул айыл Тарыхы 1989-жылдары изилденген.

 

 

 

Усонбек Омуралиев

Омуралиев Усенбек 1909-жылы Талды-Булак айылында №113 жылкы заводунда торолгон. 1923-жылга чейин айылдык мектепте, 1923-1926-жылдары Жамбул шаарында Талас тоо интернатында окуган. 1926-1929-жылы Фрунзедеги айыл чарба техникумунда окуган. 1929-1930-жылдары Талас районундагы жер болумундо агроном болуп иштеген. 1930-1932-жылдары №113 жылкы заводунда агроном, 1932-1934 Свердлов областында Красноярский шаарында айыл чарба техникумунда окуп буткондон кийин 1934-1935 жылдары Казахстанда Павлодар шаарында Этсовхоз №81-де иштеген.1935-1937-жылдары Талас шаарында РКШ-да мугалим, 1937-1940-жылы Буденный(Чатбазар) толук эмес орто мектепте мугалим, 1940-1942-жылдары Буденый МТС-да зам директор, 1942-1943-жылдары зам жана Н-К полит отдел болуп иштеген.1943-1946-жылдары армияга чакырылып согушта болгон. 6-гвардия 3-корпус Н девиз 81 отдельный саперный батальондо болгон. 1946-1949-жылы Буденый районунун айыл чарба болумунун начальниги, 1949-1951-жылы Талас областык курулуш болумунун начальниги, 1951-1955-жылы Молотов колхозунун башкармасы, 1955-1960-жылы МТСтин директору, 1960-1970-жылдары Манас колхозунун председатели 1970-1973-жылдары парторг, 1973-жылы эс алууга чыккан.

Экинчи дуйнолук согушка катышкандыгы жонундо томонкудой сыйлыктар менен сыйланган:

  • «Кызыл жылдыз» ордени
  • Улуу Ата Мекендик согуш ордени
  • I - II стипендиясы «Каармандын медалы»
  • «Жениш» медалы

Ушулар сыяктуу 7, 8 медал булардан тышкары

•  Лениндин 100 жылдык медалы

•  Медал Заслуги

•  Партиянын 50 жылдык медалы ж.б.

 

 

 

 

 

"СССРдин эл агартуу отличниги" Акматов Эсенбек

Талас районундагы Аксай орто мектебинин мурдагы директору Акматов Эсенбек Акматович 1934-жылы туулган, билими жогорку, улуту кыргыз. Иш наамасы 39жыл.

Акматов Эсенбек эмгек жолун 1955-жылы Талас районундагы Чон-Алыш жети жылдык мектебинде математика мугалими болуп иштеп баштаган. Ошол жылдан 1970-жылга чейин райондун бир катар мектептеринде математика мугалими болуп иштеген. 1970-жылы Кыргызстан КП Талас райкомунун пропаганда-агитация болумунун инструктору, 1973-жылдан баштап Урмарал 8 жылдык мектебинин директору, 1975-жылдан баштап Карасуу орто мектебинин директору, 1984-жылдан 1994-жылдын июнь айына чейин Аксай орто мектебинин директору болуп иштеген.

Иштеген мезгилинин ичинде Э.Акматов озун ишке ан-сезимдуу жоопкерчилиги менен мамиле жасаган. Окуу тарбия иштерин чыгармачылык ишкердуу, демилгелуулук менен уюштура билген уюштургуч жетекчи катары корсото алды. А.Эсенбектин жетекчилиги менен мектепте ишкер ынтымактуу коллектив тузулгон. Мектептин окуу материалдык базасы чындалып, учурдун талабына ылайык бардык предметтер боюнча окуу кабинеттер кайрадан окуутуунун ар кандай каражаттары менен толукталып, жабдыланып жасалган.

Э.Акматовдун туздон туз багыттоосу менен мектептин залдары Манас эпосунун 1000 жылдыгына карата Манас атага, ата-журтка, анын жаратылышын коргоого, ыймандуулука, улуу муундардын данктуу эмгек жолдоруна, кесипке багыт берууго, жомоктор дуйносуно жана туулуп оскон айылдын, мектептин тарыхына арналып кайрадан жаныланып уюшулган.

Кийинко он жылдан бери карай райондун мектептеринин арасында окуучулардын билим сапаты жана мектепти жаны окуу жылына карата даярдоо боюнча уюштурулган райондук мелдеште биринчи орунду колдон чырарбай келди. 1986-1991-жылдары райондун "Отмо кызыл туусун женип алып, ошол жылдары мектеп райондун ардак грамота тактасынан орун алып келди. Ошол эле 1990-1993-жылдары мектеп окуучулары Республикалык олимпиадаларга катышып, биринчи жана экинчи орундарга ээ болуп келишти. Узак жылдар бою окуу-тарбия иштериндеги жетишилген ийгиликтердин жыйынтыгы катары 1989-жылы мектепке райондун улгулуу мектеби деген ардактуу наам ыйгарылган. 1992-1993 окуу жылында Областтык акимчилиги уюштурган "жылдын эн мыкты мектеби"- деген мелдешке окуу-тарбия ишинин сапаты бугунку кундун талабына ылайык, окуу кабинеттеринин жабдылышы жана залдардын кайрадан жаныланып тузулушу жогорку женгээлде деп белгиленип, Акматов Эсенбек жетектеген Аксай орто мектебине ыйгарылган. Э.Акматов оз билимин жогорулатуунун устундо узгултуксуз иш жургузгон. Жаш педагогтордун усулдук чеберчилигин арттырууга дайыма кам коргон. Оз ишин элдик педагогика менен байланыштырган, эл менен ишкер мамиле жасай билген жетекчи катары педагогикалык жамааттын, ата-энелердин жана окуучулардын урмат-сыйына ээ. Элге билим беруу системасында синирген эмгеги учун 1984-жылы Кыргыз Республикасынын "Эл агартуу отличниги", 1985-жылы "СССРдин эл агартуу отличниги" деген тош белгилери менен, 1991-жылы "Кыргыз Республикасынын ардак грамотасы" менен сыйланган.

 

 

 

 

 

Асанбек Оторбаев

Советтер Союзунун баатыры Асанбек Оторбаев 1925-жылы Чатбазар айылында туулган. 18-жашында Ата Мекенибизди коргоого аттанган. Одер дарыясындагы салгылашууга чейин согуштагы эрдиктери учун "Каармандыгы учун" медалы, "Кызыл жылдыз" ордени менен сыйланган. Одер дарыясынадагы салгылашууда А.Оторбаев озгочо эрдикти коргозду. Душмандын аткылап жаткан замбирегине билинбей жетип унун очурду. Чабуулга чыккан фашисттерди Асанбек Оторбаевдин пулемету чалгы чоп жыккандай кулатып жатты. Аягында пулеметтун огу да тугонду. Ушул убакта фашисттер тараптан озу журуучу замбиреги Оторбаевди коздой келатты. А.Оторбаевде танкага каршы эки граната калган. Эмне кылыш керек? "Олом, бирок замбиректи откорбойм". А. Оторбаев эки гранат менен озу журуучу замбиректин тиштуу донгологуно жыгылды. Замбиректин уну очту. Одер дариясынан жоокерлерибиздин отушуно жол ачылды. Улуу Женишке 3 ай эле калган эле. Ата Мекенибиз А.Оторбаевдин бул эрдигин жогору баалады. СССР-нын Жогорку Советинин указы менен 1945-жылдын 10-апрелинде А.Оторбаевге "Советтер Союзунун Баатыры" деген наам берилген. Асанбек баатырларча курман болду. Асанбек оторбаевдин аты эч качан очпойт. Оторбаевдин аты коюлган кочолор, мектеп дружиналар жана училищалар, Чатбазар айлында эстелиги бар.

Азыркы убакта Ата Мекендик согушка катышып, айлына кайтып келген ветерандарыбыз ардактуу эс алууда. Бул биздин ветерандарыбыз мектеп окуучуларынын ардактуу меймандары. Данктуу даталарда окуучулардын алдында данктуу иштерге жана салттарга ундойт. Булардын катарында Берлинге чейин жеткен, "Кызыл жылдыз" орденинин кавалерлери Омуралиев Эраалы, Омуралиев Усонбек, Ашыров Кадыркулдар бар.

Согуш убагында колхозубуздун экономикасын которуудо зор салым кошкон "Октябрь революциясынын" кавалери Сокучиев Дуйшонаалы. Эмгек майданында каармандык менен эмгектенген Социалисттик Эмгектин Баатыры Кокобаев Базараалы 1935-жылы туулган. 1958-жылдан КПССтин мучосу. Коп жылдар бою колхозубузда баш чабан болуп иштеген.

1958-жылы ар ириктен 75кг салмактан мамлекетке откоруп, 4,5 кг.дан жун кыркып алган. Кыргыз ССР Жогорку Советинин (5-шайланышынын) депутаты. Ленин ордени жана медалдар менен сыйланган. Кокбаевдин Демилгеси менен колхоздогу жылкы ферма асыл тукум чарбасына айланган.

 

Амандык кат.

Андагы жандан артык коруучулор АПАМ, АТАМ, иним ТОКТОМУШ, карындашым ТОКТОБУБУ, эжем КАЛЫЯ, жездем МАМБЕТ аман -эсен журосунорбу?

Эми мени сурасанар, аман-эсен коп катары согушта журомун. Кат салдым эле алдынарбы? Ошондо мен госпиталда жатканымды жазган элем. Мен госпитпалдан чыгып, кайра озубуздун частка келдим эле, чай да ичууго убакыт болбой, ошол бойдон урушка кирдик. Бир жолу уруштан чыгып, кайра дагы кирдик. ВОЛГАда журобуз. Кайра дагы урушка салат деп жатат, качан салаарын билбеймин. Анан немис болсо азыр озунун чегине кетип жатат. Биздин армия чекти алуу учун, 42 чакырым жерге чейин суруп бардык. Эми менин дагы кыскача созум, ушул катка жоопту токтолбой салгыла жана узбой салып тургула деп амандык кат салган, амандыгын билдируучу баланыздар АЙЫЛЧЫ. I/XII 1943-жыл. Декабрь.

 

Амандык кат.

Жанымдан артык коргон иним Баяс, карындашым Анарбубу, кандай аман-эсен жатасынарбы? Кемпи куулуу жатабы? Эми мында мен болсом саламатта журом. Ойногон оюнду бутуп (подготовка деген мааниде Б.Ч.) мурунку турган жерден эки сутка поезд менен, бир сутка машина менен журуп, согуш журуп жаткан СТАЛИНГРАД участогуна бардык. 9-сентябрдан тартып согушка кирдик. Бул катты окопто жатып жаздым. Согушка кирген экен деп убайым жебегиле. Кайда болсо да тагдырдын жазуусу болот. Андан коро амандыгым тилегиле. Башка айтаарым жок. Соз кыска, кош эми. Саламат болгула, мындан коп кат жазууга кол тиеби тийбейби кудай билет. Кол тийсе, аман болсом, кат жазып турармын.

Аманчылыкка койсо ГЕРМАНИЯНЫ талкалап барып калгыбыз бардыр. Кемпир (аялы-Б.Ч.) кейибей, бекем, куулуу тур. Колундан бекем кармап учураштым. КОШ, КОШ жалпы бардыгынар аман болгула деп кат жазуучу АЙДЕКЕ КУЧКАЧОВ. II/IX/1942-жыл.

Эскертуу: Асыранга, Сардарбекке, Бирисманга чогуу салам айт. Эми Баяс жалпы бетинен ооп, салам айтып кой.

 

Амандык кат. 20/Х, 1942-жыл

Ардактуу кудам Жумабек, жездем Найзабек, карындашым Кыйбага армиядагы АЙДЕКЕДЕН учурашуу кат. Кандай аман - эсен жатасынарбы? Турмушунар жакшыбы? Абазбек, Алымбек чоноюп жатабы, кудагый куулуубу жана башка эл журт эсенчиликте жатабы? Эми мында мен болсом саламатта жатам. Турмуш болсо жакшы, кабарымды мен уйго салган каттан уккан чыгарсынар. Мен 18-сентябрда СТАЛИНГРАД согушунда болуп, жарадар болуп чыккам, ошондон бери больницада жатам. Жаратым айыгып калды, эми 22-октябрда комиссия болот, ошондо кайда болсо да жиберет, ушул мага окшоп жараты кара котур болгондорду кайра согушка жиберип жатат. Мени дагы, болжолу согушка кайра жибере тургандай. Эмнеси болсо да 22/Х де мед комиссия болот. Ошондо болгон ишти толуктап силерге же уй жакка кат салаармын. Менин кыскача турмушум ушул. Мен Кыргызстандан чыкканы июль айында Шабданды да алып кетти деп, бир кат алганмын андан башка эч кат алалбадым. Менден кат барып турсун деп кезеги менен кат жазып жатам. Ал каттар тиеби билбеймин, ал дагы мен учун тушунуксуз, мендеги убайым айыл-апа силерге окшогон жек-жааттардын аманчылыгын угуп, кат алып туралбадым, башка эч убайым жок. Башка эч соз жок. Силерге айтаарым ал жерде аманчылыкта турсанар, жаман катын-жаш бала дегендей калгандарга коз сала жургуло. Аманчылык, болсо барып калаарыбыз. Башка кайсыны айтайын, мен айтпасам да тушуктуу чыгаар. Башка соз жок, коз корушкончо жалпы саламат тургула деп АЙДЕКЕ.

 

 

 

 

 

 

Атагы алыска кеткен белгилуу обончу Исаков Сабатар Куурайчиевич.

Сабатар Исаков 1954-жылы 7-мартта Талас районуна караштуу Талды-Булак айыл окмотуно караштуу "Орто-Кошой" айылында торолгон. 1963-жылы Аксай орто мектебинин башталгыч классына окуп, 1970-жылы 8-классын бутуруп, андан кийин 9-10-классты азыркы А.Оторбаев атындагы орто мектептен окуп бутургон. Сабатар Исаков мектепте окуп жургон мезгилдерде эле айыл ичиндеги оздук корком чыгармачылыгына катышкан. 1973-жылы мектепти аяктагандан кийин "Манас" колхозунда (азыркы Омуралиев айылдык кенеши) иштеп, андан кийин 1975-жылы ушул эле колхоздо тракторист болуп эмгектенген. 1978-жылы "Манас" колхозунун клуб башчысы болуп дайындалып 1990-жылга чейин иштеген.1979-жылы Кыргыз Республикасынын IV-пленумуна катышып Кыргыз Республикасынын ардак грамотасына татыктуу болгон. Республикалык обончулар конкурсуна катышып Лауреат деген тош белгисин алган. Клуб башчысы болгон мезгилден баштап областтык, райондук оздук корком чыгармачылыгынын, Республикалык, олбасттык, райондук кароо сынактарынын женуучусу болуп бир нече диплом, ардак грамоталарынын алган. 1991-жылы обончулардын Республикалык кароо сынагынын Ош шаарында откон сынактын женуучусу жана лауреаты, II-даражадагы дипломдун ээси болгон. Кыргыз Республикасынын "Эл ичи онор кечи" аттуу кароо сынакка катышып 2008-жылдын июль айында обончулук онор боюнча II-орун жана кумуш медалдын лауреаты болгон. 1994-жылдан бери "Манас" айылындагы №110-кесипчилик лицейинде эмгектенип келе жатат. Уй-булолуу 3 уул, 2 кыздын атасы. Сабатар Исаков жараткан обондор эл ичинде кенири таралып ырдалып келет.

Сабатар Исаков жараткан обондор:

"Алдаба куру бекер созун менен" созу Амантур Садыкбековдуку
"Журогумдун отунучу" созу Сакен Дуйшекеевдики
"Талас жергеси" созу Корчубек Баратбековдуку
"Кайда элен" созу Сакен Дуйшекеевдики
"Унуталбай бир озунду" созу Сакен Дуйшекеевдики
"Аясанчы" созу Марпабай Наматовдуку
"Суйунчу менден катпагын" созу Койчуман Тыналиев
"Кен Талас" созу Койчуман Тыналиев
"Бир коргондо" созу Надырбек Алымбековдуку
"Тагдырлардын жаздымы" созу Абдылдажан Акматбековдуку
"Суранам" созу Сакен Дуйшекеевдики
"Мендеги сагыныч" созу Бурул Карагулованыкы
"Кусалык" созу Бермет Оторбаеваныкы
"Озгочо бийик суйупмун" созу Мээрлан Токсобаеваныкы
"Кол кызына" созу Сакен Дуйшекеевдики
"Кетким келет кайып болуп" созу Койчуман Тыналиевдики
"Атайды эскеруу" созу Бейшенбек Кенжегараевдики

Сабатар Исаков 60-тан ашуун обондордун автору.

   

СТАТИСТИКА

Учурда биздин сайтта

russian mail order brides contador de visitas счетчик посещений
 

Сайтка келгендердин саны

html counterсчетчик посетителей сайта

 

 
website clock часы для форума
_________________ __________________ АО кат жазуу Каалоо жана сунуш
Hosted by uCoz